АСЛАН АЛЬЯНС ВЕБСАЙТЫНА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

«Аслан Альянс» МЭУсу (мамлекеттик эмес уюму) Кыргыз Республикасындагы ар түрдүү маданияттарды изилдөө жана үйрөнүү максаты менен негизделген. Биздин уюм 1999-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында маданияттык МЭУ катарында катталган. «Аслан Альянстын» эң негизги максаты – бул кыргыз жергесиндеги көптөгөн элдердин, ошондой эле чет өлкөлүк меймандардын арасындагы мамиле-катнаштарды өркүндөтүү.

Устав боюнча биздин кызматчылар Кыргызстандын территориясында жашаган элдердин бай маданий мурастарын изилдешет. Кызматчыларыбыз дагы көп улуттуу коомдо жеке улуттук ар-намыстын пайда болушун түшүнүүгө, эркин диндин ролун өнүктүрүүгө, тынчтыкты коргоого тынчтыкта жанаша жашоого «ишеним маданият» деген чек ичинде Кыргызстандагы жашаган элдердин арасында
жана мыкты атуул болууга жардам берүүгө аракеттенишет. 1999-жылы сентябрда Кыргызстанда ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган «Орто Азиядагы маданият жана дин» эл аралык форуму биздин изилдөөлөргө чоң өбөлгө болду.

«Аслан Альянстын» изилдөөлөрү Орто Азиядагы терең маданий айырмачылыктарга өзгөчө көңүл бөлүүгө багытталат да, аларды өз ара түшүнүү жана маданий байланыштын жардамы менен бириктирүүгө умтулат. «Маданият» программасында, биз Кыргызстандын өзүндө жана чет өлкөлөрдө байланыштары бар проекттерди жараттык. «Аслан Альянстын» проекттери маданий өнүгүүнүн жана көркөм сүрөттөөнүн түрдүү чөйрөлөрүн камтыйт. Мисалы, элдик обондор жана музыка, көркөм адабият, ошондой эле драма жана искусство. Изилдөөлөрүбүздүн натыйжаларын биз маданий ориентация жана консультациялар аркылуу иш жүзүнө ашырабыз.

Биздин уюм маданий өнүгүү үчүн, дин өтө маанилүү деп ойлойт, анткени биздин оюбузча, дин жалпы коомдук нормалардын, үрп-адаттардын, салттардын, элдик чыгармачылыктын жана руханий табынуунун негизи болуп эсептелет. Ошондуктан «Аслан Альянс» диний коомдор менен кызматташуунун жолдорун издеп, жакырдык, оору, кастык жана кылмыш сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөрдү жок кылууга тырышат. Биздин бул маданий түшүнүү, өз ара сый-урматты күчтөө жана чогуу эмгектешүү аракеттерибиз Кыргызстанда атуулдук коомду өркүндөтүүгө көмөк берет деген үмүттөбүз. Жеке жана коомдук кызматташтары менен, ошондой эле Кыргызстандагы баардык элдер менен бирге «Аслан Альянс» жаш муундарга эң жакшы келечек куруу ишине чын дили менен берилген.


Русский
English